Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Куба “Че Гевара” жана “Чавес” атырларын чыгаруудан баш тартты


Куба бийлиги революция баатыры Эрнесто Че Гевара жана Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавестин урматына чыгарыла турган атырдан баш тартып, бул долбоордун демилгесин “революциянын ыйык символдорун сыйлабастык” деп аташты. Кубанын министрлер кеңешинин аткаруу бийлиги ишембиде жасаган билдирүүсүндө атыр чыгаруу демилгесин көтөрүп чыккандар "олуттуу ката кетирген адамдар катары” жазага тартылаары айтылды.

“Бул идеяны биздин эл да, биздин революциялык бийлик да кабыл албайт. Бул адамдар кечээ, бүгүн, ар дайым ыйык символдор болуп кала берет” деп жазылган билдирүүдө.

Мамлекеттик Labiofam фармацевтикалык компаниясы “Эрнесто” жана “Уго” деп аталган жыпар жыттарды чыгаруу планы тууралуу ушул жумада жарыялаган.

Атыр кийинки жылдын биринчи бөлүгүндө чыгарылмактыгын Labiofam жетекчиси Рейтерс агенттигине маегинде билдирген. Ал мындай атырларды чыгаруу Че Гевара жана Чавеске сый көрсөтүүнүн белгиси деп эсептеген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG