Казак эл жазуучусу, белгилүү акын жана адабиятчы Олжас Сулейманов «Курманжан датка» көркөм тасмасын көрүп, алган таасирлери менен бөлүштү. Ал тасманы жараткандардын эмгегин жогоруу баалоо менен анын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна токтолду.
- Бул тасма Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн карым-катнашы үчүн өтө актуалдуу. Фильм кыргыз элин биримдикке чакырат. Анткени тарых уланып жатат. Алдыда элди көп сыноолр күтөт. Кыргыз эли эркиндикке кантип жеткенин жаштар билиши керек, - деди Сулейманов.
Ал акыркы 25 жылда кыргыз тасмасын алгач ирет көргөнүн кошумчалады.
Олжас Сулейманов Бишкекте өтүп жаткан адабиятчылардын эл аралык Пен-клубдун 80-мааракелик жыйынына атайын конок катары катышууда.
Ал «Адырлар духу», «Аналайын», «Аз и Я» жана башка көптөгөн чыгармаларды жараткан.(UEz)