Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Египет соту Мурсинин 68 тарапташын түрмөгө кести


Египет соту кечээ кечте өткөн жылдын октябрындагы башаламандыктарга байланыштуу 63 адамды 15, беш адамды 10 жылга эркинен ажыратты. Алардын баары мурдагы президент Мухаммад Мурсинин тарапташтары болуп саналат.

Соттолгондор Каир көчөлөрүндөгү зомбулукка айыптуу деп табылды. Анда полиция менен кагылышууда 50 демонстрант окко учкан.

Мурсинин таламдаштары уюштурган башаламандыктарда жүздөгөн жөн жай тургундар, ондогон полиция кызматкери каза болггон. Буга чейин жүздөгөн акция катышуучулары абакка айдалды, арасында өлүм жазасына тартылгандар да бар.

2013-жылдын июлунда бийликтен кулатылган Мурси террористтик жана тыңчылык иши үчүн айыпталууда.

XS
SM
MD
LG