Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Еврошаркет санкциядан жабыркаган дыйкандарга жардам берет


Еврошаркет Украинадагы кризиске байланыштуу Батыш киргизген чектөөлөрдөн улам Орусия кабыл алган санкциялардан жабыркаган европалык фермерлерге колдоо көрсөтмөй болду.

Франс-Пресс агенттигинин билдиргенине караганда, бул үчүн Еврошаркет 165 миллион евро бөлөт.

Шаркеттин айыл чарба боюнча өкүлү Дачиан Чолоштун айтымында, август айында кабыл алынган биринчи программага караганда бул жолкусу даректүү болот. Жардам негизинен апельсин, мандарин жана клементин өстүргөн фермерлерге берилет. 18-августта Еврошаркет бөлгөн 125 миллион евро максатсыз пайдаланылып жатат деген айыптоолордон кийин ал программа токтотулган болчу.

XS
SM
MD
LG