Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Октябрда күйүүчү майдын баасы 5 пайызга чейин өсөт


Октябр айында күйүүчү майдын баасы 3-5 пайызга чейин кымбатташы күтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейддерлер бирикмесинин президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 34,6 пайызга же литри 7 сом 40 тыйынга өстү. Буга Орусиядагы Ачинск мунай заводундагы авария жана сомдун түшүшү себеп болгон. Ошондой эле Кыргызстан күйүүчү майдын бир бөлүгүн сатып алган Орусиядагы Омск, Салават мунай заводдору да оңдоо иштерине байланыштуу ишин убактылуу токтоткону да күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизди.

Мындан улам Нефтетрейдерлер бирикмеси күйүүчү майга бааны туруктуу кармоо үчүн кыргыз өкмөтүн өлкөдө өндүрүлүп жаткан күйүүчү майды башка өлкөлөргө чыгарууга тыюу салууга чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG