Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Эт азыктарын Орусияга экспорттоо маселеси дале чечиле элек


Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы жана агромаркетинг бөлүмүнун башчыcы Атамбек Ботоев “Азаттыкка” билдирди:

- Орусия 2009-жылы эпизотикалык абалдын курчушуна байланыштуу койгон чектөөсүн алмайынча Кыргызстан аталган өлкөгө эт азыктарын жөнөтө албайт. Орусиянын инспекциясы эт экспортуна уруксат бере элек.

Орусия бир катар батыш өлкөлөрүнөн кирчү айыл чарба азыктарына чектөө койгондон кийин кыргыз өкмөтү аталган товарларды Кыргызстан жөнөтөөрүн, бул жагдай жылына 200 тонна жашылча-жемиш жана 50 тонна эт азыктарын экспорттоого шарт түзөөрүн билдирген. Кыргызстан учурда тышка эт азыктарын чыгара албайт. Коңшу өлкөлөргө мал тирүүлөй чыгарылат. Орусия жана Казакстан мал ылаңынын көбөйүшүнөн улам Кыргызстандын эт азыктарын 2009-жылдан бери өлкөсүнө киргизбейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG