Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Гонконгдо жаатташкан демонстранттар мушташты


Кагылышуу 3-октябрда демократиячыл активисттер жана Кытай өкмөтүн колдоочулар арасында болду. Мушташ Гонконгдун дүкөндөр жыш жайгашкан бөлүгүндө бээжинчил протестчилер демократиячыл активисттердин чатырларына чабуул коюп, алардын ураандарын жулуп алгандан улам чыкты. Эки тарапты ажыратуу үчүн полиция каз-катар тизилип, ортого түштү. Демонстранттардын лидерлери алардын жактоочуларына каршы уюшулган кол салуулар токтотулбаса, өкмөт менен сүйлөшүүдөн баш тартыша турганын эскертишти.

Бир жумадан бери демонстрацияга чыккан он миңдеген гонконгдуктар Кытай өкмөтүн 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыпташууда. Алар өз талаптарына жетмейинче көчөдө кала беребиз деп кулак какты кылган.

Бул Британиянын мурдагы колониясы 1997-жылы Кытайдын жетегине кайтарылгандан берки эң чоң антиөкмөттүк демонстрация.

XS
SM
MD
LG