Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

«Ислам мамлекети» тобу дагы бир британдыктын башын алды


3-октябрда интернетте өздөрүн "Ислам мамлекети” деп атаган радикалдык уюмдун согушкерлери болжол менен Алан Хеннинг аттуу барымтадагы британиялык жаранды өлтүрүп жаткан видеосу пайда болду.

Такси айдап жан баккан 47 жаштагы Хеннинг, өткөн жыл соңунда ыктыярчы катары Түркия-Сирия чек арасында гуманитардык уюмдарга жардам берип жүргөндө согушкерлердин колуна түшкөн.

Британ премьер-министри Девид Кэмерон “Хеннингдин өлүмү “Ислам Мамлекети” уюму зулумдукту, мыкаачылыкты колдонуп жатканын көрсөттү” деп билдирди. Британ бийликтери аны өлтүргөндөрдү таап, жазалоо үчүн бардык аракеттерди көрөөрүн кошумчалады.

Видеонун аягында радикалдык уюмдун бети чүмбөттөлгөн согушкери кийинки жолу барымтадагы америкалык Питер Кассигди да ушундай жол менен жоготушарын айтышкан.

Согушкерлер АКШ башында турган эл аралык коалиция күчтөрү Сирия жана Ирактагы экстремисттердин турумдарына сокку урууну токтотушун талап кылууда.

Жакында АКШнын Жеймс Фоули, Стивен Сотлофф аттуу эки журналисти жана британиялык Дэвид Хейнст да аталган топтун согушкерлери тарабынан башы кесилип, өлтүрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG