Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:21

Нарын: жаңы шайланган мэр ишке кирише элек


Бул тууралуу Нарын шаарына мэр болуп жаңы шайланган Рахат Адиев өзү “Азаттыкка” маалымдады. Себеби Борбордук шайлоо коммисиясы 8-сентябрда өткөн шайлоонун мыйзамдуулугун карай элек.

Рахат Адиевдин мэр болууга депуттардын тийиштүү добушуна ээ болгондон кийин, шаардык прокуратура анын мэрликке керек болгон документтери жасалма экенин аныктап, 8-сентябрдагы шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну БШКадан суранган. Прокуратуранын жүйөсүндө, мэрлик үчүн талап кылынган иш тажрыйбаны толтуруу үчүн эмгек китепчесин оңдотуп, өзү иштебей туруп 9 жыл дыйкан чарба башчысы деп жаздырып алган.

Адиев өзүнө айтылган дооматтарды четке кагат. 8-сентябрда Нарын шаарынын мэрине шайлоо өткөн. Анда беш талапкердин ичинен Рахат Адиев жеңип чыккан. (TSh)

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG