Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун айтымында, бүгүн түнкүсүн тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде үшүк жүрөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
- Бийик тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде, айрыкча Нарын жана Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөт. Шашылыш эскертүү таратканбыз. Тийиштүү министрликтерге жана кызматтарга “даяр тургула, үшүк жүрөт” деп эскерткенбиз.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, октябрь айы жаанчыл болот. Бул айда жаан-чачын нормадан көбүрөөк болору күтүлүүдө. Абанын орточо температурасы күндүз 9-11 градус болсо, түнкүсүн 0 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Октябрдын орто ченине чейин салыштырмалуу жылуу аба ырайы сакталганы менен, айдын этегинде көпчүлүк аймактарга суук түшөт.
Маалыматтарга караганда, октябрда эң төмөнкү температура 1898-жылы болгон. Ал жылы -13 градуска чейин суук болгон. Эң жогорку температура 1941-жылы катталган. Анда термометрлер +34 градусту көрсөткөн. (ZMa)