Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Freedom House уюмунун Оштогу өкүлчүлүгү убактылуу жабылды


Freedom House эл аралык уюмунун Оштогу кеңсеси убактылуу жабылды жана ал жактагы өкүлү Бишкекке чакыртылып алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдагы ишенимдүү булактар кабарлашты. Маалыматка ылайык, өз өкүлүн чакыртып алууга коопсуздук маселелери себеп болгон. Өткөн айдын аягында Freedom House улуттук азчылыктардын абалы, укуктарына байланышкан сурамжылоо жүргүзгөн. Ал сурамжылоо эң ириде жергиликтүү өзбек коомчулугунун нааразычылыгын жараткан эле.

Freedom House адам укуктары жаатында иш алпарган эл аралык уюм. Ал 2002-жылдан бери Кыргызстанда иш алпарып келет.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG