Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Сүрөтчү Талгат Мирхаммитовдун көргөзмөсү өтөт


Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде 7-октябрдан баштап улуттук живопись жанрынын ири өкүлү Талгат Мирхаммитовдун сүрөт көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө автордун акыркы беш жылда иштеген жаңы эмгектери коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” көркөм-сүрөт музейинен кабарлашты.

Сүрөтчү 1971-жылдан баштап дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде өзүнүн персоналдык көргөзмөлөрүн өткөрүп келүүдө. Анын эмгектери Германия, Люксембург, Франция, Иран, Бельгия, Турция, Болгария, Россия жана КМШ өлкөлөрүндөгү көрүүчүлөрүн кайдигер калтырган эмес.

Аталган иш чара кыл калем чеберинин жетимиш жылдык маарекесине карата уюшулган.(ZA)

XS
SM
MD
LG