Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Максүтовдун талапкерлиги комитеттерде карала баштады


Маданият, маалымат жана туризм министрлигине “Ар-намыс” фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде каралат. Комитет депутаттарына аны премьер-министр Жоомарт Оторбаев тааныштырат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Максүтовдун талапкерлигин бүгүн вице-премьер-министр Элвира Сариева Билим берүү комитетине да тааныштырды.

Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин процедура боюнча өкмөт башчысы колдоп, парламент бекитет. 42 жаштагы Максүтов буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген. Ал коомчулукка эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана жакында өткөн “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары белгилүү. Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.(UEz)

XS
SM
MD
LG