Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Баш паанек сураган украиналыктардын саны 11ге жетти


Кыргызстандан баш паанек сураган Украина жарандарынын саны көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев билдирди. Анын айтымында баш паанек издеген аталган өлкө жарандарынын саны он бир. Бирок алардын көбүн Кыргызстан менен мурда кандайдыр бир байланышы болгон адамдар түзөт.

Акыркы бир жылда баш паанек сураган чет элдиктер саны 248ге жеткен. Алар: Ооганстандан 150, Сириядан 48, Өзбекстандан 38 жана Сомалиден 1 жаран.

Кыргызстанда 154 адам качкын деген макам алган. Алардын 123ү оогандыктар, 28и сириялыктар жана үчөө ирандык. (UEz)

XS
SM
MD
LG