Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Астрахан думасынын сайты хакер чабуулуна кабылды


Астрахан облустук думасынын расмий сайтында 7-октябрга караган түнү Орусиянын аймагынан чыгып, Нижне-Волжск элдик республикасын түзүү ниетин билдирген маалымат илинди. Бул кабар “Чукул абал боюнча комитеттин” атынан жазылып, ага Астрахандын губернатору, облдумасынын төрагасы, аймактык коопсуздук башкармалыгынын жетекчилиги жана өзүн "Донецк республикасы" деп атап алгандардын мурдагы коргоо министри Игорь Стрелков кол койгону белгиленген. Бул маалымат бир нече сааттан кийин сайттан кайра алынып салынды.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сайт хакер чабуулуна туш болгонун билдирүүдө. Ушул тапта тартип коргоо органдары мунун артында ким турарын иликтеп жатышат. Маалымат каражаттары, буга байланыштуу кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын жазышты.

Мыйзам боюнча, экстремизм жана сепаратизмге чакырык үчүн беш жыл түрмөгө кесилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG