Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Өкмөт Бирдиктүү экономикалык аймактын жол картасын бекитти


Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусуна негиз болчу жол картаны бекитти. Жол карта өлкөнүн аталган мейкиндикке кошулуу жараянынын жол-жобосун камтыйт. Анда аймакка кирген Орусия, Беларус жана Казакстан менен эркин соода жүгүртүү, миграциялык кызматташтык жүргүзүү эрежелери каралган.

Быйыл 29-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасы бекитилген. Ошол эле учурда Кыргызстан Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу ниетин билдирип, президент Алмазбек Атамбаев бул багыттагы ишти тездетүүнү өкмөткө тапшырган. Бирдиктүү экономикалык аймак - бул Бажы биримдигинен кийинки уюшма болуп саналат. Бул аймакка Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. Анда капиталдын, сооданын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жол берилген.(UEz)

XS
SM
MD
LG