Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Макаревичке Новосибирскте дарс окууга тыюу салынды


Орусиялык белгилүү рок музыкант Андрей Макаревичтин Новосибирск шаарында октябрь айынын соңуна белгиленген лекциясы болбой калды. Бул тууралуу маалымат гуманитардык «Ачык лекция» долбоорунун сайтында жарыяланды. Музыкант Акадамиялык шаарчанын Технопаркында дарс окумак. Мындан сырткары ушул күндөргө белгиленген башка адистердин семинарлары да токтотулду. Иш-чараны уюштуруучулар Технопарктын жетекчилиги тарабынан аларга карата кысым болгонун билдиришкен.

Буга чейин Андрей Макаревичтин Киров жана Петербург шаарларындагы концерттери үзгүлтүккө учураган. Артист Украинадагы кризиске байланыштуу Орусия бийлигин катуу сындап жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG