Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Царнаевдин досу ага каршы көрсөтмө бериши мүмкүн


Бостондо болгон жардырууга шектелген ага-ини Царнаевдердин таанышы, казакстандык жаран Азамат Тажаяков досуна каршы көрсөтмө бериши мүмкүн экенин Boston Globe газетасы жазды.

Массачусетс университетинин мурунку студенти 20 жаштагы Азамат Тажаяковго байланыштуу соттун өкүмү 16-октябрда чыгат.

Жохар Царнаев 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурунда эки жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Окуяда үч адам мерт кетип, 250 адам жараат алган. Жохар өзү Бостондун жанынан кармалган, андан бери камакта, бирок күнөөнү мойнуна албай келүүдө. АКШ прокуратурасы ага өлүм жазасын берүүнү суранган. Өлүм жазасына байланыштуу сот келерки жылдын январь айына белгиленген. Окуяга байланыштуу Царнаевдердин эки таанышы соттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG