Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Порошенко люстрация жөнүндө мыйзамга кол койду


Украин президенти Петро Порошенко люстрация жөнүндө мыйзамга кол койду. Президенттин маалымат кызматы бүгүн билдиргендей, парламент аталган мыйзам долбоорду 16-сентябрда кабыл алган. Ага ылайык, элдин бийликке ишенимин арттыруу, коррупцияны кыскартуу, башкаруу системасын Европа стандартына туура келтирүү үчүн мамлекеттик кызматкерлер атайын регламенттин негизинде текшерилет.

Бул мыйзам бийликтен кулатылган мурдагы президент Виктор Януковичтин тушунда иштеген жана орусиячыл жикчилдер менен байланышы бар чиновниктерден тазалануу катары да каралууда. Ошондой эле өз киреше булагын ачыктап көрсөтүп бере албаган аткаминерлер дагы он жылга чейин мамлекеттик кызматтарга алынбайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG