Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Жыргалаң көмүр шахтасы бүгүн ишке кириши мүмкүн


Өкмөт 100-150 миң тоннага чейин көмүр казып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ Жыргалаң шахтасы кыш мезгилинде көмүрдүн баасын төмөндөтүүгө салым кошот деп эсептейт. Шахта бүгүн ишке кире турганын сентябрдын этегинде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев убада кылган.

5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын төрт куткаруучусу шахтаны текшерүү үчүн барышканда 40 метр тереңдикке кулап кетип, экөө каза болуп, дагы эки куткаруучу газга ууланып жабыркаган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG