Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Түркияда эки полиция кызматкери өлтүрүлдү


Полиция кызматкерлерине Түркиянын чыгышында, Бингол провинциясында күзөттө жүргөн маалда белгисиз адамдар кол салган. Алар Сириянын Кобани шаарындагы күрттөрдү колдоп чыккан акцияда жабыркаган дүкөндөрдү кыдырып, текшерип жүрүшкөн. Натыйжада эки полиция каза таап, бирөө жараат алды. Бул окуяга байланыштуу башка маалымат айтылган жок жана бул үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Кобанидеги күрттөрдү колдоп чыккан демонстранттар менен полициянын кагылышында кеминде 25 киши каза болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG