Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Казакстан электр энергиясынан жардам берет


Бул жөнүндө Беларус борбору Минскиде кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусунан соң белгилүү болду. Анда эки өлкө башчылары Кыргызстандагы электр энергетика тармагындагы абалдан чыгуу боюнча кызматташууну талкуулады. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө быйылкы кышта Казакстандан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тапшырмасы берилди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө жетишпеген электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн сатып алуу жол-жобосун иштеп чыгууну тапшырган. Быйылкы суунун тартыштыгынан учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт.саат электр энергиясы жетишпейт деп эсептелүүдө.(BkA/AiT)

XS
SM
MD
LG