Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Ким Чен Ын өз партиясынын майрамына катышкан жок


Түндүк Корея өлкөдөгү белгилүү майрамдардын бири, бийликтеги Эмгек партиясынын түптөлгөн күнүн белгилөөдө. Бул майрамга өлкө лидери Ким Чен Ын катышкан жок. Бул анын саламаттыгына байланыштуу бүдөмүк ойлорду күчөттү.

Ким Чен Ындын ооруп жаткандыгы тууралуу сөздөр ал бир ай көрүнбөй калгандан кийин тарап кеткен. Түндүк Кореянын медиа каражаттары 31 жаштагы лидер сыркоолоп калганын гана айтышып, оорусу тууралуу кеңири маалымат беришкен эмес. Акыркы кезде ал сылтып басып жүргөнү айтылып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG