Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

“Бир дүйнө- Кыргызстан” кинофестивалы жыйынтыкталды


Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” даректүү тасмалардын сегизинчи фестивалы 11-сентябрда Бишкекте жыйынтыкталды. 7-октябрда башталган фестивалда жыйырмадан ашуун тасма көрсөтүлдү.

Фестивалдын уюштуруучуларынын билдиришинче, австриялык режиссерлор Аскан Бройер жана Виктор Жашкенин “Жакартадагы башаламандык” тасмасы эл аралык сыйлыкты жеңип алды. Улуттук сыйлыктын жеңүүчүсү болуп 705 чыгармачыл тобу тарткан “Тасма жөнүндө тасма” табылды.

Франциялык режиссер Энн Пуаренин “Appleдин ички түзүлүшү” тасмасы Жаштар сыйлыгынын ээси болду. Режиссер Абибакир уулу Бексултандын “Мугалим” тасмасы көрүүчүлөр тарабынан мыкты деп табылды. Жаш студент-режиссердун бул тасмасы “Азаттык” радиосунун атайын белегин жана акчалай сыйлыгын да утуп алды. Аны улуттук тасмалар боюнча калыстар тобун жетектеген “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Жуматаева тапшырды.

Режиссер Элнура Осмоналиеванын “Биз жашаган өлкө” тасмасына фестивалдын атайын сыйлыгы жана ардак грамотасы ыйгарылды.

Быйыл 8-жолу өтүп жаткан даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына катышкан тасмалар 5-сентябрдан баштап Кыргызстандын бардык аймагында көрсөтүлгөн. Фестивал БУУнун “Өнүгүүгө укук” калкасы алдында өтүп, мурдагылардан айырмаланып бул жылы сүрөттөр топтомдору да кабыл алынган. (ST)

XS
SM
MD
LG