Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Сузактык эки малчы табыла элек


Жалал-Абаддын Сузак районунун Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзали Сариев жана Орипжан Маматалиев 13 күн мурда кыштоого мал айдап кеткен боюнча дале дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 10-12-октябрда аталган министрликтин кызматкерлери дайынсыз кеткен чабандарды издөө иштерин жүргүзүштү. Бирок аба ырайына байланыштуу жекшемби күнү издөө убактылуу токтотулду. Бул иш аба ырайы оңолгон соң улантылмакчы.

Эске салсак, Сузактын Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын тогуз малчысы 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7-октябрда калың жааган карга камалып, ашууда калышкан. Чабандардын бири, 52 жаштагы Толкунбай Абдыров суукка тоңуп каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG