Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Он миңден ашык үч фазалуу абоненттин жарыгы өчүрүлдү


Кыргызстанда электр энергиясын жылуулук үчүн үч фазадан колдонгон 10 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектро” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алардын басымдуу көпчүлүгү жеке үйлөрдү жылытууга колдонгондор.

Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан улам өкмөт электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууга чектөө киргизген. Бирок өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн мындай кадамын сынга алып, “кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпеген электр энергияны өнөр жайдын жана калктын жарыгын өчүрүү аркылуу чечүү кадамы терең жаңылыштык” деп атаган. Мындан соң Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алууну тапшырган. Эгер сүйлөшүү оңунан чечилсе, электр энергиясын чектөө планынан баш тартуу мүмкүн экенин Энергетика министрлигинен кабарлашкан. Кечээ болсо Казакстандан кошумча көлөмдө электр энергиясын сатып алуу макулдашылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG