Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Москвада Украинадагы жикчилдерди колдогон митинг өттү


Москвадагы Суворов аянтында “Донбасс үчүн салгылаш” аттуу бийлик менен макулдашылган митинг өттү. Анда 200 чамалуу акциянын катышуучулары “Новороссияны” таануу жана украин аскерлерин Украинанын чыгышындагы жаңжал аймагынан чыгарып кетүү талаптарын коюшту. Күбөлөрдүн айтымында, акциянын катышуучулары колдоруна өзүн-өзү мамлекет атаган “Донецк элдик республикасынын” жана “Жаштардын Евразия бирикмесинин” желектерин кармап алышкан.

Митингди “Новороссия” аттуу коомдук кыймыл уюштурган. Уюмдун сайтында митингге беш миң киши келери жана ага “Донецк элдик республикасынын” мурдагы коргоо министри Игорь Гиркин катышары маалымдалган.

Сентябрдын аяк ченинде Москвада Украина чыгышындагы жикчилдерди колдогон эң чоң акция өткөн. ИИМ акцияга 17 миң киши келгенин билдирген, ал эми күбөлөр 5 миң адам катышканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG