Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Оштун жаш активисттери өкмөткө газ боюнча талап койду


Ош шаарындагы жаш активисттер тобу жарым жылдан бери газсыз отурган калаанын жылуулук жана көгүлтүр от маселесин тезинен чечүүнү талап кылып, өкмөткө кайрылды. Жыйырмага жакын жаштар 20-октбярда жыйын куруп, кайрылуу кабыл алышканын уюштуруучулардын бири Сонунбек Жунусбаев “Азаттыкка” билдирди.

Кайрылууга кол койгондор Ош мэриясынын калааны кышка даяр деп айтканы чындыкка дал келбестигин белгилешкен. Ошондой эле экономика министри Темир Сариевдин кызматтан кетишин, мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартуу талап кылышкан. Алар мамлекеттеги экономикалык абалга Сариевди, энергетикалык кризиске Артыкбаевди күнөөлөп жатышат.

Кайрылуунун соңунда алар Бишкекте ачкачылыкка чыккандарга тилектеш экендиктерин да билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG