Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:39

Ардактуу консулдар Кыргызстанды өнүктүрүүнү талкуулап жатат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарынын үчүнчү жыйыны башталды. Анда дипломаттар өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, өздөрү иштеген мамлекеттер менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө өңдүү маселелерди талкуулап жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө консулдар чет жерде иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгүнүн укуктук сабаты чабал экенин, көбүнчө чет жерде жан багуунун мыйзамсыз жолун тандашаарын да сөз кылышты.

Жыйынга Нидерланды, Түркия, Пакистан, Жапония, Корея, Орусия жана Казакстандан 11 ардактуу консул келген. Бишкекте 21-октбярда башталган талкуу 22-октбярда Ош шаарында уланат. (TSh)

XS
SM
MD
LG