Жармаңкеге 20дан ашуун уюмдун жана ишкананын өкүлдөрү, анын ичинде Бишкек троллейбус башкармалыгы, Хирургия институту, №9 Үй-бүлөлүк медицина борбору катышат.
Салтка айланып калгандай, бул күнү каалоочулар кесиптик билим алуу, кайра окуу, микрокаржылоо жана убактылуу жумуштуулук маселелери боюнча адистердин кеп-кеңешин уга алат.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны, Каржы министрлигинин расмий эсеби боюнча, 59 миң кишини түздү. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өткөн жылга салыштырганда эч жерде иштебей жүргөндөрдүн саны 4 пайыз кыскарган. Ал эми эмгектенип жаткандардын орточо айлык маянасы 11 миң сомду түзөт. (ZMa)