Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Жапония Ошко машиненин номерин тааный алган камераларды берет


Жапония Ош шаарына жолдордогу коопсуздукту жакшыртуу үчүн атайын жабдууларды өткөрүп берет. Жалпысынан 305 миң долларга бааланган бул көзөмөл камералар машиненин номерин көрө алат. Гранттык программанын алкагында жабдууларды өткөрүп берүү салтанатына Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Кикэ жана Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров катышат.

Бул долбоорго үстүбүздөгү жылдын 20-мартында кол коюлган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG