Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Депутат ун кымбатташы мүмкүн экенин айтты


Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Бакиров жакын арада Кыргызстанда ундун баасы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтып, өкмөт буга алдын ала чара көрүүсү зарыл экендигин эскертти. Бакиров муну Казакстанда буудайдын кымбаттап жатышына байланыштырды. Депутат парламенттин 23-октябрдагы жалпы жыйынында билдиргендей, Казакстанда буудайдын тоннасы 280 долларга барабар болууда. Мурдараак 250 доллардан сатылып жаткан. Кыргызстан данды негизинен коңшу өлкөдөн сатып алгандыктан, ун менен нандын баасы көтөрүлүп кетиши ыктымалдуулугу айтылууда.

Кыргызстанда бир мүшөк ундун баасы учурда 1000-1500 сомдун тегерегинде. (SE)

XS
SM
MD
LG