Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Бишкекте келерки жумадан тарта жылуулук берилет


Бишкек шаарында 27-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу калаанын жылуулук борборунан кабарлашты. Учурда шаарга ысык суу берүү үчүн 2 меш казан иштеп жатат. 27-октябрга чейин дагы алты казан кошулат.

Быйыл кытайлык ТВЕА компаниясы жылуулук борборундагы жабдыктарды жаңылоо иштерин баштаган. Модернизациялоо жумуштары 2017-жылга чейин уланат.

Жылуулук борборуна бир жылдык керектөө үчүн 1 млн. 58 миң тонна көмүр керек. Азырынча анын 108 миң тоннасы алынды. Отун көлөмүнүн аз экени быйыл көмүр сатып алуу боюнча тендер үч жолу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу болгонун, бирок бул абал жылуулук берүүгө кедергисин тийгизбей турганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. (SE\ECh)

XS
SM
MD
LG