Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Пермь: үч баланын өрттөн каза табышына кыргыз жараны шектелүүдө


Быйыл 6-сентябрда Пермь шаарынын Киров районунда болгон өрттөн каза тапкан үч баланын өлүмүнө шектелип, 37 жаштагы кыргыз жараны кармалды.

Бул тууралуу Орусиянын күч органдары маалымат таратты. Мерт кеткен жеткинчектер кыргызстандык мигранттардын балдары болчу.
Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, белгисиз адамдар алар жашаган үйдүн эшигинен түтүк киргизип, ага күйүүчү май куюп, өрт коюшкан. Терезелер темир тор менен тосулгандыктан үй-бүлө тузакта калып, натыйжада тогуз, жети жана үч жаштагы балдар жашоо менен кош айтышкан. Ата-энеси колундагы бир жаштагы наристеси менен тирүү калган.

Кылмышка шектүү деп алгач маңзат колдонуп жүргөн жергиликтүү эки тургун кармалган болчу. Бирок тергөө жүрүшүндө алар күнөөсүз деп табылган. Тергөө уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG