Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтөт


28-октябрдан тарта кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү улантылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, жолугушуу Баткенде өтөт. Сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо боюнча иштер улантылмакчы:

- Буга чейин чатактарга, жол, көпүрө маселесине байланыштуу чек араны тактоо иштери солгундап кеткен. Учурда бул маселелердин баары бир калыпка салынып калды. Эми чек араны тактоо маселесин улантабыз, - деди Искандаров.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин жалпы узундугу 970 чакырым. Азырга чейин анын 567 чакырымы такталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG