Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

АКШ: Орусия менен каршылашпайбыз, бирок айрым маселеде мунасага барбайбыз


АКШ Орусия менен конфронтацияга барууну каалабайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки билдирди. Ошол эле учурда Псаки Кошмо Штаттардын Европа жана Түндүк Американын коопсуздугуна шек келтирген маселелер боюнча мунасага барбай турганын эскертти.

АКШ мамлекеттик департаменттин бул билдирүүсү орус президенти Владимир Путиндин Сочидеги форумда айткан сөздөрүнөн соң жарыяланды. Анда Путин эл аралык “Валдай” клубунун форумунда сүйлөп жатып, АКШны дүйнө өлкөлөрүнө “орунсуз үстөмдүк кылууда” деп айыптаган. Орус лидери “Кошмо Штаттар Ирак, Ливия жана Сириядагы өз саясатынын жыйынтыгына каршы күрөшүп жатат”, - деген болчу. Ошондой эле чоң өлкөлөр катышкан коркунучтуу жаңжалдардын тобокели, куралдуу күчтөр тараптан коркунуч күчөгөнүн айтты.

Өз өлкөсүнө карата киргизилген санкцияларды “ката” деп эсептеп, муну Орусияны дүйнөдөн обочолонтуу аракети деп баалады. Батыш менен расмий Москванын ортосундагы мамилеге токтолгон Путин, “муну биз баштаган жокпуз” деди.

Украинадагы жаңжалдан кийин Батыш Орусияга бир канча жолу санкцияларды киргизген. Батыш өлкөлөрү Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатат деп Орусияны айыптат келет.


XS
SM
MD
LG