Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Бүгүн Баку-Бишкек жаңы аба каттамы ачылат


Бул тууралуу Унаа жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат ылайык, Азербайжандан учкан алгачкы каттам бүгүн күндүзгү саат үчтө Бишкекке конмокчу. Каттам менен “Азербайжан хава йоллары” мекемесинин өкүлдөрү келет. Жаңы каттамдын ачылышына кыргыз тараптан Унаа жана байланыш министрлигинен өкүлдөр катышат.

Мындан кийин каттам заманбап аэробус аркылуу жумасына эки жолу аткарылып турмакчы. Буга чейин Азербайжан менен Кыргызстанды байланыштырган түз авиакаттам болгон эмес. Жүргүнчүлөр Түркия жана Орусия аркылуу бири-бирине барып келип-турушкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG