Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, ооруканага түштү


Белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, ичине бычак жеген Алканов 26-октябрда Талас облустук ооруканасына түшкөн. Аны оор акыбалда жаткан жеринен айдоочусу таап, тез жардам чакырган. Ишкердин абалы учурда оор бойдон калууда.

Учурда ишкерге кандай жагдайда кол салынганы жана шектүүлөр такталып жатат.

79 жаштагы Райкан Алканов өлкөдөгү белгилүү ишкерлердин бири. Ал тутумуна ири базар жана бир нече ишкана кирген “Алканов жана компания” ишканасын жетектейт.(BkA)

XS
SM
MD
LG