Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Баткен: Кыргыз-тажик жаштар форуму башталды


Мындай маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Баткен облусундагы өкүлү Кубанычбек Сайкалов “Азаттыкка” билдирди. Эки өлкөнүн жаштарынын чек аралаш аймактагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган форум эки күнгө созулат. Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан жыйырмадан ашык жаштар борборунун активисттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Тажикстандан жаштар өкүлдөрү катышат. Кошуна өлкөдөн форумга катышуу үчүн ондон ашык өкүл келди.

Форум жыйынтыгында эки өлкөнүн жаштары ортосундагы ынтымакты бекемдөө багытында чакан долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы долбоорлор боюнча резолюция кабыл алынат. (JsA)

XS
SM
MD
LG