Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Быйылкы жылы 4 миң киши кыргыз жарандыгын алды


Алардын көпчүлүгү – Тажикстан, Өзбекстан, Орусиядан көчүп келген кыргыздар. Ошондой эле алыскы өлкөлөрдөн келгендер да бар деп билдирди калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев. Кыргыз жарандыгын алгандардын арасында кыргызстандыктарга турмушка чыккан чет өлкөлүк келиндер да бар, алар өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыгышпаганына байланыштуу кыргыз жарандыгын көп жылдар бою ала албай келишкен.

“Мындан ары бул маселе чечилди, алар болгону өз мекенинин жарандыгынан баш тартары тууралуу арыз жазышса, кыргыз жарандыгы берилет” дейт Дүйшөн Сатыбалдиев.

Расмий маалыматтар боюнча акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстанда 50 миң адам жарандыгы жок катары катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG