Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Румынияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Бүгүн румын шайлоочулары жаңы президентин тандоодо. Өлкө башчылыгына башкы талапкер катары учурдагы премьер-министр, социал-демократ Виктор Понта жана Улуттук-либерал партиянын лидери Клаус Йоханнес аталууда. Эгер бүгүнкү добуш берүүдө анык бир адам шайланбаса 16-ноябрда экинчи тур өтөт. Азыркы президент Траян Бэсеску үчүнчү жолу шайланууга укугу жок.

Учурда Румыниянын негизги маселелеринин бири экономикалык төмөндөө жана кеңири кулач жайган коррупция. Өкмөттүн дарегине жыйырма миллион калкы бар өлкөнү эффективдүү башкара албай жатат деген айыптоолор күч.

Румыния жашоо деңгээли боюнча Европанын орточо жашоо көрсөткүчүнөн бир кыйла төмөн. Быйыл өлкөдө коммунисттик режимдин кулаганына жана диктатор Николае Чаушеску менен анын аялынын атылганына 25 жыл толот.

XS
SM
MD
LG