Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Пакистанда жардырууда кеминде 45 адам каза тапты


Пакистан полициясы Индия менен чектеш Лахор аймагында өткөрмө бекетке жакын жерде бомба жарылганын билдирет. Жергиликтүү бийликтер жарылууда кеминде 45 адам мерт кетип, 50дөн ашууну жараат алганын маалымдады. Арасында абалы өтө оорлору да бар. Каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда. Жараат алгандарды кабыл алган Лахордун ооруканасында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары газ баллон жарылганын жазган. Бирок бийлик өкүлдөрү муну терракт болушу мүмкүн деп билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG