Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Румыния: президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 16-ноябрда болот


2-ноябрдагы шайлоонун биринчи турунда талапкерлердин эч кимиси 50 пайыздык чектен ашкан жок. Өлкө башчылыгына учурдагы премьер-министр, социал-демократ Виктор Понта жана Улуттук-либерал партиясынын лидери Клаус Йоханнес ат салышууда. Шайлоого жарандардын 52% катышты.

Азыркы президент Траян Бэсеску үчүнчү жолу шайланууга укугу жок болгондуктан, талапкерлигин койгон жок.

Учурда Румыниянын негизги маселелеринин бири - экономикалык төмөндөө жана кеңири кулач жайган коррупция. Өкмөттүн дарегине жыйырма миллион калкы бар өлкөнү эффективдүү башкара албай жатат деген айыптоолор күч.

Румыния жашоо деңгээли боюнча Европанын орточо жашоо көрсөткүчүнөн бир кыйла төмөн. (SE)

XS
SM
MD
LG