Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Токмоктогу тоноодон эки киши жабыркады


Бүгүн Токмок шаарында тонолгон жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатордук автоунаанын ичиндеги 1964-жылы туулган эсепчи аял менен 1974-жылы туулган күзөтчү жаракат алып, азыр ооруканада. Бул тууралуу Чүй милициясынан кабарлашты.

Бүгүн эртең мененки тогуздар чамасында белгисиз адамдар Токмок шаарынын чок ортосунда жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатордук автомашинаны тоноп кетишкен.

"Мерседес" машинеси инкассатордук «Хонда Фит» машинесин сүзө токтоткон да, айдоочусун сүйрөп чыгып, травматикалык тапанча менен аткылаган. Андан соң «Мерседес» үлгүсүндөгү дагы бир машине келип, андагылар инкассатор унаадан акча салынган сумка менен мылтыкты алып чыгышкан да, качып кетишкен.

Азыр акчанын жалпы суммасы такталууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG