Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Өкмөттүн бөлүм башчысы тыңчылык кылды деген шек менен камалды


Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитеттин расмий маалыматында камалган адамдын аты-жөнү, кызматы толук көргөзүлгөн эмес. Жергиликтүү маалымат агенттиктери УКМКдагы булактарга шилтеме жасап билдиришкендей, камакка 1-ноябрда алынган Алтынбек Муралиев -өкмөттүн эл аралык бөлүмүнүн башчысы.

Ал мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу. 1990-жылдардын биринчи жарымында Түркияда билим алып, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде бир нече жыл иштеген.

УКМКнын маалыматында камакка алынган жарандын иши боюнча учурда Кылмыш кодексинин 302-беренеси (кызматтык сыр катары саналган маалыматта чет өлкөлүк уюмга берүү же берүү максатында чогултуу) боюнча кылмыш иши козголгону айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG