Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Пентагон Пакистан менен Иранды Ооганстандагы саясаты үчүн сындады


Пентагон Пакистан менен Иран регионалдык абалды дестабилдештирүүдө деп сындады. Ооганстандагы абалга баа берип жатып, АКШнын Коргоо министрлиги Исламабад Ооганстандагы таасирин колдон чыгарбоо жана аскердик жактан күчтүү Индияга туруштук берүү үчүн согушкерлерди пайдаланып жатат деп билдирди. Андай согушкер топтор Ооганстан менен Пакистандын мамилелерине көлөкө түшүргөн негизги факторду түзөт, - деп эсептейт Пентагон.

Аскердик мекеменин пикиринде, Ирандын Революция сакчыларынын тандалма бөлүгү бейпилдик күчтөрдүн Ооганстандан чегинүүсүн тездеттирүү максатында Талибанга жардам берүүдө. Ошол эле маалда Тегеран Кабул өкмөтү менен жакшы мамилелерди сактоого, талиптердин бийликке кайтуусун алдын алууга кызыкдар.

XS
SM
MD
LG