Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Сарпашевге таандык фирманын иши Башкы прокуратурага жөнөтүлөт


Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге тиешелүү “Градиент” фирмасындагы мыйзам бузуулар боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Бул тууралуу 5-ноябрда комиссия төрагасы Максат Сабиров билдирди. Анын айтымында, “Градиент” соңку бир жарым жылда 58 тендерди уткан.

Шаршембиде парламент таанышып чыккан корутундуга ылайык, Сарпашев “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жана “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарды бузган. Ал 2013-жылы өкмөттүн курамында иштеп туруп өз фирмасын коммерциялык негиздеги тендерлерге катыштырган.

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде Сарпашевдин коррупциялык иштерге тиешеси бар экени аныкталса, жазаланарын айткан. Бирок Сарпашев фирманы негиздегенин, учурда аны башка адамдар иштетерин жана коюлган айыптар негизсиз экенин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG