Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын каржылык жардамдары талкууланат


Азия өнүктүрүү банкынын президенти Такехико Накао Бишкекке 5-ноябрда келген. Бүгүн “Хаят” мейманканасында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баш болгон министрлер менен Кыргызстанга бериле турган каржылык жардамдарды талкуулашат. Анын ичинде мектеп куруудан тарта жол оңдоого чейинки долбоорлор бар.

Азия өнүктүрүү банкы каржылоону көздөп жаткан ири долбоорлордун бири Токтогул ГЭСин реаблитациялоо. Бул үчүн банк 110 миллион доллар бөлүүдө. Анын 65 миллиону насыя, 45 миллиону грант түрүндө берилет. Азырынча парламентте аталган каржылоо келишими ратификациялана элек.

Азия өнүктүрүү банкынын Бишкекте өтө турган министрлер деңгээлиндеги конференциясында Такехико Накао Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуу жаатында баяндама жасайт. Ага бир катар өлкөлөрдөн делегаттар катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG