Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

Орусияда кыргызстандык аял зордукталганы айтылууда


Москва шаарында полиция кызматкери боюнда бар кыргызстандык аялды зордуктаганы тууралуу кабарды бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Учурда полиция кызматкери жумуштан четтетилип, кылмыш иши козголгонун полициянын шаардык башкармалыгы билдирген.

Кыргызстандык 33 жаштагы жабырлануучу LifeNews телеканалына берген интервьюсунда аталган кызматкер 800 рубл акчасын алып, "Улица Академика Янгеля" көчөсүндөгү полиция бөлүмүнө алып барып зордуктаганын айтат.

Бул ишке байланыштуу аталган бөлүмдүн бир нече жетекчисине дисциплинардык эскерүү берилген. Кылмышка шектүү камака алынган.

Орусияда бейрасмий маалымат боюнча 1 милионго жакын кыргызстандык жаран иштери айтылып жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG