Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Атамбаев өзбек бийлигинин Кыргызстанга мамилесин сындады


Өзбекcтандын Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна каршы экенин жана газ берүүнү токтотуп, темир жол байланышына чектөө киргизгенин Алмазбек Атамбаев чекилик деп атады. Бул тууралуу мамлекет башчы Казакстандын 24.kz телеканалына берген интервьюсунда айтты:

Өзбекстанга буга чейин да бир канча жолу сунуштаганбыз, азыр да айтып жатабыз, алар деле “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна салым кошсо болот. Өткөн күндөрдүн элеси менен жашабаш керек. Коңшуну душман катары көрүү да туура эмес. Газды өчүрдү, темир жолго чектөө киргизди. Коңшулар бир бирине жардам бериши зарыл. “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстанды гана эмес, коңшу өлкөлөрдү да электр энергиясы менен камсыздоого ылайыкталган долбоор. Муну көзү сокур адам гана көрбөйт же көрүүнү каалабайт.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи региондогу суу балансын бузат деген негиз менен Өзбекстан анын курулушуна каршылык билдирип келет. Ошондой эле “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылганына байланыштуу быйыл апрелден бери Ошко газ берүүнү токтотуп койгон. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG